25.05.2018 14:15

Тарых музейин реконструкциялоодо орун алышы мүмкүн болгон коррупциялык  фактылар изилденет

Тарых музейин реконструкциялоодо орун алышы мүмкүн болгон коррупциялык  фактылар изилденет

Тарых музейин реконструкциялоодо орун алышы мүмкүн болгон коррупциялык  фактылары изилдениши керек. Бүгүн  музей менен таанышып чыккан "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ушундай жыйынтыкка келишти.

Жыйын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев келишимдин негизинде музейге гранттык каражатты жумшоодон баш тартып, республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү чечимине ким кол койгондугун тактоо керектигин билдирди.

Депутат Бахадыр Сулейманов куруу, сатып алуу иштеринде тендер өткөрүлбөгөндүгүнө одоно мыйзам бузуу катары баа берди.

“Ремонт жүргүзүү иштерине эч кандай долбоор жок болсо, мындай олчойгон суммалар кайдан чыккан?”,- дейт депутат Сайдулла Нышанов.

Мындан сырткары, жыйынга берилген документтерде, андагы каржыга байланыштуу маселелерде башаламандык орун алгандыгы сынга алынды.

Музейди реконструкциялоодо консультативдик-дизайндык иштерге эле 400 миң еврого чукул каражат, жалпы эмеректерге 9 млн евро каражат жумшалгандыгы белгилүү болду.

Фракция мүчөлөрү музейге ремонт зарылдыгын, бирок 5 жылдыздуу отелдердин эмеректеринин баасындай мындай эмеректерди сатып алуунун муктаждыгы ар беле деген сыяктуу суроолорду кабыргасынан коюшту.

Маалыматка ылайык, тарых музейин 2 этапта (1-этап имараттын сыртын, 2-этап имараттын ичин) ремонттоо боюнча 2016-жылы Түркиянын ТИКА компаниясы менен кол коюлган.

Ремонт иштерине республикалык бюджеттин капиталдык салымдар боюнча беренесинен жалпысы 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урмат Көкөчаров болсо бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери бүткөндүгүн маалымдады. Мындан сырткары, музейге Германия компаниясы алып келе турган жабдуулардын 5% келе электиги айтылды.

Жыйынтыгында жыйында айтылган фактыларды иликтөө үчүн КР Башкы прокуратурасына, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына бир катар тапшырмаларды берүү боюнча чечим кабыл алынды. Ага бир айлык мөөнөт белгиленди.